Садыр Жапаров: "Мындан ары бир дагы элчиликтин алдына митинг кылганга жол бербейбиз"

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берди. Анда журналист президентке "Бишкекте митингдерге чектөө коюлду. Бул Конституцияга каршы келбейби?" деген суроону узатты.

Жапаровдун айтымында, мындан ары бир дагы элчиликтин алдына барып митинг кылганга жол берилбейт.

"Эч ким чектөө койгон жок. Горький сейил багына барып каалаган күнү каалашыңарча митинг кыла бергиле. Биз жөн гана элчиликтердин алдына барбагыла деп жатабыз. Маданият деген болуш керек да. “Өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төрүнө илем” деп эле элчиликтердин алдына барып алып, эшиктерин каккылап турган кантип жакшы болсун. Башка мамлекеттер менен сый мамиледе болушубуз керек да. Мындан ары бир дагы элчиликтин алдына барып митинг кылганга жол бербейбиз. Кечээ жакында Тажикстан элчилигинин алдына да он чакты киши чыгыптыр. Биз кеч билип калдык. Кийин баарына эскерттик. Мындан ары элчиликтердин алдына барып жатып алууну токтотуш керек. Горький сейил багына барып митинг өткөрө бергиле. Мага десең түнөп жатып алып өткөр.

Демократия керек бизге. Өмүр бою керек. Бирок ошол демократияны дагы пайдалуу, маданияттуу колдонолу да", - деди мамлекет башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан