«Керемет Банк» ААК боюнча КР УКМК пресс-релизине түшүндүрмө

«Керемет Банк» ААК (мындан ары - Банк) Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин (УКМК) 2022-жылдын 25-апрелиндеги пресс-релизине толуктоо иретинде КР УКМКнын пресс-релизинде көрсөтүлгөн насыялар 2014-2017-жылдары «Росинбанк» ААКсы учурунда берилгендигин билдирет.
2019-жылы Банк «Росинбанк» ААКнын укук мураскери болуп калган жана анын акцияларынын 97,45% Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тиешелүү. Берилген насыялардын мыйзамдуулугун текшерүү жана аларды артка кайтаруу максатында Банктын жетекчилиги тарабынан тиешелүү иш-чаралар башталган.
Ушуга байланыштуу 2021-жылы Банк КР УКМКнын пресс-релизинде көрсөтүлгөн насыяларды берүүдө орун алган алдамчылык фактысы боюнча ИИМге арыз менен кайрылган.
Активдүү тергөө иш-аракеттердин жоктугуна байланыштуу Банк КР Коопсуздук кеңешине жана Башкы прокуратурасына кайрылууга мажбур болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.
Белгилей кетчү нерсе, УКМКнын өндүрүшүндө «Росинбанк» ААК мезгилинде мыйзамсыз берилген насыялар фактысы боюнча дагы 4 кылмыш иши бар. «Керемет Банк» ААК мыйзамсыз берилген насыяларды артка кайтаруу менен байланышкан иш-чараларды мындан ары дагы уланта бермекчи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан