Ош шаарында батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
ӨКМдан билдиришкендей, куткаруучулар Бөрүбаев көчөсүндө жайгашкан №4 үйдө жайгашкан батирдин эшигин ачууга чыгышкан.
Алар жеткенге чейин үй ээси (1988-жылы туулган К.Н.) эшикти өз алдынча ачкан учурда, батирдин ичинен 1980-жылы туулган Б.А аттуу эркек кишинин (күйөөсү) жансыз денеси табылган.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.