Бишкекте милиция кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жарандарды колго түшүрдү. Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, унаа шаар аймагынан табылды.
Шаар тургуну 20-апрелде милицияга арыз менен кайрылган. Анда 20-апрелге караган түнү саат 03:10 чамасында короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин кабарлаган. Арыздануучу Хонда Фит унаасын 450 миң сом деп баалаган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 211-берене (унаа транспорт каражаттарын айдап качуу) менен каттоого алынып, тергөө амалдары башталган.
"Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 2002-жылы туулган С.М., 2002-жылы туулган А.Б., 2003-жылы туулган С.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми уурдалган унаа табылып, ээсине кайтарылды. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.