Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаарындагы батирлердин биринен 42 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылганын кабарлаган. Анда батирдин эшиги бекилип калганын, куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун аялы эшикти өз алдынча ачып алганын билдирген.
Каза болгон жарандын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлгөнү белгилүү болгон.
Учурда бул факты боюнча укук коргоо кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери башталды. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалым болду. Мекемеден экспертизанын жана тергөөнүн жыйынтыгына ылайык маалымат берилерин кошумчалашты.