Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген ак илбирсти аткан тургун кармалды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жашоочулардын биринин үйүнөн Кызыл китепке кирген ак илбирстин териси менен баш сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурда облустук милицияга жергиликтүү тургундардын бири үйүндө мыйзамсыз курал сактап жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Теплоключенко айылынан кылмышка шектүү 37 жаштагы Д.М. аттуу жаран кармалган. Аталган тургундун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ок атуучу курал-жарактар менен бирге узундугу эки метрге жакын жоголуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесиндеги ак илбирстин териси менен баш сөөгү табылган.

Бирок шектүү тергөө кызматына берген көрсөтмөсүндө ак илбирсти таанышы атып алганын жана анын үйүнө убактылуу сактап туруу үчүн калтырып кеткенин билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө экинчи шектүү ошол эле райондогу Ак-Булуң айылынын тургуну, 48 жаштагы Б.Э. аттуу жаран экендиги аныкталган. Шектүү сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алып, Кызыл китепке кирген жаныбарды Сырт өрөөнүнөн атып келгенин айтып берген. Ошондой эле анын үйүнөн да мыйзамсыз алып жүргөн курал-жарак, ок-дарылар табылган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан