Балыкчыда аскер кызматкерлеринин маянасын кымырып алган факты аныкталды

Аскер прокуратурасы тарабынан өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын алкагында айрым кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуулар аныкталып, 3 берене боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгү жайгашкан. Аталган мекемеде кызмат адамдары каржы документтерди жасалмалоо жолу менен аскер кызматчылардын маянасына арналган 900 миң сомдон ашык акча каражатын өз пайдаларына чегерип алганы аныкталган.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан