Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан учурда оптикалык прибор менен Б.К.Т. аттуу Талас районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ок атуучу куралды сатууга аракет кылган жаран 21-апрелде кармалган. Ошону менен бирге тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамсыз сактап жүргөн 3 даана ок атуучу курал ок-дарылары менен табылган.
Бул факты боюнча учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.