Бишкекте Лексустун катализаторун чыгарып кеткендер кармалды

Шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ж.Б. аттуу тургуну Свердлов РИИБге белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар 16-апрелде таңкы саат 04:00дөр чамасында короодо токтоп турган Лексус 570 үлгүсүндөгү автоунаасынын тетиктерин (глушторлордун катализатору) жашыруун түрдө уурдап, ири өлчөмдөгү зыян келтиргенин, андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген.
Бул факты Свердлов РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен (Уурдоо) катталып, кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Свердлов районунун ИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Д.К. жана Т.Р. аттуу жарандар кармалды. Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда унаанын уурдалган тетиктери табылып, ээсине кайтарылып берилди. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан