Бүгүн, 27-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалдык беттеши болуп өттү.
Анда Англиянын "Манчестер Сити" клубу өз үйүндө испаниялык "Реал Мадрид" клубун кабыл алып, 4:3 эсебинде жеңип алды.
Беттештин 2-мүнөтүндө эле англиялык клуб Кевин Де Брюйненин голунун аркасында алдыга чыгышты. Ал эми 11-мүнөттө бельгиялык жарым коргоочу Габриэл Жезуска голдук пас берип, эсеп саны 2:0 болду. Бирок 33-мүнөттө Карим Бензема "Реалдын" артта калган эсебин кыскартты. Командалар 2:1 эсебинде тыныгууга кетишти.
Экинчи бөлүктө англиялык клубдан Фил Фоден (53) жана Бернарду Силва (74) гол киргизсе, мадриддик клубдан Винисиус Жуниор (55) менен Карим Бензема (82) айырмаланышты.
Бул эки команданын жооптук оюну 4-майдан 5-майга караган түнү Мадрид шаарында өтөт.