
Бишкекте тергөө камагына алынган жаран ооруканадан качып кетти. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүү кайра Аламүдүн-1 кичи районунан кармалды.
Маалым болгондой, 26-апрелде саат 20:00 чамасында Улуттук хирургия борборунда жаткан 1997-жылы туулган
Э.Н. качып кеткен. Ал буга чейин алдамчылыкка шектелип кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен кармалган жаран СИЗО-1ге камакка
алынган.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Аламүдүн-1 кичи районунан кармалды.