Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү (тизме)

Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтына жарыяланды.

Рейтинг Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жыйынтыгынын негизинде түзүлдү. Анда Азия чемпиону болгон Айпери Медет кызы экинчи орунга жайгашты.

Бул салмак категорияда биринчи орунга америкалык Аделина Грей жайгашса, үчүнчү орунга эстониялык балбан кыз жайгашты.

Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Айпери Медет кызы финалда япониялык балбанды 5:3 эсебинде жеңип, карьерасында алгачкы ирет Азия чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан