Ош ШИИБи баӊгизаттарын ири көлөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз сактоо, ташуу жана сатууга шектелген Ош облусунун Өзгөн районунда туулган, убактылуу Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айылында жашаган 1987-жылы туулган Калыков Гүлжигит Абдыкааровичке издөө жарыялайт. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашат.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаардык соту шектүүнү 22-апрелде үй камагына чыгарган, ошондон бери ал тергөөгө келбей из жашырган.
Бою 170-175 сантиметр, арык чырай, өзгөчө белгилери жок.
Издөөдө жүргөн Гүлжигит Калыков тууралуу кандайдыр бир маалыматтарыӊыз болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө 0557-78-01-79, 0700-45-89-89, 03222-4-82-82 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну кызматкерлер суранат.