"Айсулуу Тыныбекованы көрүп күрөштү тандагам". Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш уюмуна маек берди

Кыргыз балбан кызы, Азия чемпиону Айпери Медет кызынан Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) маек алган. Анда балбан кыз алдыдагы максаттары тууралуу айтып берген.

Маекте Айпери Медет кызы бош убактысында китеп окуп, даамдуу тамактарды жасап жегенди жакшы көрөрүн айткан.

"Мен күрөштү Айсулуу Тыныбекованы көрүп тандап алгам. Анткени 2008-жылы Лондон Олимпиадасынан Айсулуу эжени биринчи жолу көргөм. Ошондо мен дагы ошол адамдай болуп, өлкөмдүн желегин желбиретсем деп тилек кылып күрөштү тандагам. Негизи үй-бүлөбүз менен күрөшкө жакынбыз.

Мен мотивацияны ар дайым Айсулуу эжеден алам. Анткени ал адам дайыма бизди алдыга сүрөп келе жатат. Кандай гана кыйынчылык болбосун Айсулуу эже дайыма жеңет. Ал адам дайыма менин жанымда болуп, мага туура багытты көрсөтөт. Жакшылык-жамандыкта жанымда. Мен дагы Айсулуу эженин артында Олимпиададан алтын медаль тагынсам экен деп тилек кылып келе жатам. Ар бир спортчунун максаты Олимпиада чемпиону болуу".

Балбан кыз эң чоң сабакты Токиодо өткөн Олимпиада оюнунда алганын айткан.

"Азыр каталарымдын үстүнөн иштеп, дагы бир беттеш өткөрсөк жеңем деген үмүттөмүн. Менин негизги атаандашым Аделина Грэй.

Кыргыз өлкөсүндө күрөштүн өсүп жатышы бул Айсулуу Тыныбекованын аркасы менен болуп жатат деп ойлойм. Мен дагы, менден кийинки кыздар дагы Айсулуу эженин аркасы менен келгендер", - деп маек курган балбан кыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан