Ошто аялына кол көтөргөн жаран 9 суткага камалды

Ошто аялына кол көтөргөн жаран 9 суткага камалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын жашоочусу, 1981-жылы туулган К.М. аялына бир нече жолу зомбулук көрсөтүп, коркуткандыгына байланыштуу кармалган.

"Иликтөө учурунда ал көп жолу мас абалында аялына кол көтөрүп, коркутуп, зомбулук жасап буга чейин 2 ирет эскертүү берилгендиги аныкталды. Жогорудагыларды эске алып, Ош шаардык соту тарабынан 9 суткага камоо боюнча чечим чыкты. Учурда ал камакта", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан