ИИМдин ага тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милициянын майору Ш.С. 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен кармалган.

"Кармалган тергөөчү Ю.А. аттуу ортомчу жаран аркылуу тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн Э.у.У. аттуу жарандан 4 миң доллар акча каражатын талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголду. Колго түшүрүлгөн кызматкер жана ортомчу УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан