Лейлек райондук милиция кызматкерлери "Арсенал" аталышындагы рейд өткөрүп, анда издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
"Тажикстандын Согди облусунун тургуну 40 жаштагы М.Д. Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн", - деп билдиришти Лейлек РИИБинен.
Издөөдө жүргөн жаран бүгүн, 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.