"Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын адиси жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору М.А. ортомчу Б.Ш. аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Пара талап кылуу") менен катталган.
Кармалгандар Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.