«Мой О!» мобилдик тиркемеси ыңгайлуу кызматтары жана пайдалуу функциялары менен кубантууну улантууда. Эми колдонуучуларда «О!Деньги» капчыгынын каталогунда каалаган сервис үчүн автоматтык төлөмдөрдү кошуп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Жаңы акысыз кызмат мобилдик байланышты, интернетти, коммуналдык кызматтарды жана ал гана эмес кредиттерди автоматтык төлөөнү ырастоого мүмкүнчүлүк берет. Бул ар дайым байланышта болууга, өз убагында эсептерди төлөөгө шарт түзөт, кечигип калуунун алдын алат.
Автоматтык төлөмдү бир гана жолу ырастап алуу жетиштүү жана мындан ары үзгүлтүксүз төлөмдөр кол менен киргизилбейт.
Автотөлөмдү кантип кошуп алуу керек?
Бардык ырастоолор «Тандалгандарда» сакталат. Каалаган учурда параметрлерин өзгөртүп койсо болот: сумманы, күндү өзгөртүү же функцияны өчүрүү.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.