Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев сурдлимпиадалык спотчуларды Бразилияга узатты. Бул тууралуу департаменттен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 1-15-май күндөрү Бразилиянын Кашиас-ду-Сул шаарында өтүлүүчү ХХIV сурдлимпиадалык жайкы оюндарына жөнөп жаткан кыргыз спортчулары менен департаменттин директору Канат Шабданбаев жолугуп, аларга ийгилик каалоо менен кыргыз желегин тапшырды.
“Урматтуу биздин спортчулар, аман-эсен барып келиңиздер. Буюрса, ар бириңиздерден жеңиш күтөбүз. Кыргызды дүйнөгө таанытып, гимнибизди ойнотуп, желегибизди желбиретесиздер деп ишенем. Мамлекет тараптан мындан ары да сиздерге көңүл бөлүнүп, жардам беребиз", - деди Шабданбаев.
Белгилей кетсек, ХХIV сурдлимпиадалык жайкы оюндарына Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 14 спортчу күч сынамакчы. Ал эми жалпы 20 адам барат.
Грек-рим - Жумакадыров Смадияр, Бибельдиев Дилмухамед, башкы машыктыруучу - Ушуров Фархад, ага машыктыруучу - Акопян Арам;
Эркин күрөш - Исаков Алмаз, Марков Миляс;
Дзюдо - Каналбек уулу Ильгиз, Орозали уулу Байсалбек, Мидин уулу Хажимукан, Шабдыбеков Бектурсун, Данияорва Айтурган, Кладнов Сергей;
Таэквондо ВТ - Мавлонов Азамат, Азиз уулу Атай , Жаналиева Гулжан, башкы машыктыруучу - Понамеров Дмитрий;
Жеңил атлетика - Эркин уулу Арген, башкы машыктыруучу - Намуратова жана дарыгер Бактыгүл Алышова.