Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча жооптуу адамдардын тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К. аттуу адамга айып коюлган.
Ал “Алтын-Кен” ЖЧКсы жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алуу жолу аркылуу тоо тектеринин калдыктары үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн системалуу түрдө азайтып жүргөн.
"Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы суммасы 149 миллион 585 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталып, “Алтын-Кен” ЖЧКсы тарабынан мамлекетке төлөнүп берилди", - деп айтылат маалыматта.