Башка окуу жайга которулууга жардам берүүнү убадалаган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 51 жаштагы аял кармалды. Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, шектүүнүн үстүнөн дагы бир нече арыз түшкөн.

Милицияга шаар тургуну кайрылып, башка жогорку окуу жайга которулууга жардам берерин убадалап 10 миң сом акчасын алып, качып жүргөн аялга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 1971-жылы туулган аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Анын үстүнөн дагы бир нече арыз түшкөнү аныкталды. Эгерде сүрөттөгү аялдан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0705 102-966 же 0312 432-815, 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан