Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын биринчи оюнунда испаниялык "Вильярреал" клубун утуп алды.
Оюн 28-апрелге караган түнү Ливерпуль шаарындагы "Энфилд" стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады. Голдорду каршылаш оюнчуга тийип кайра келе жаткан топту голго айланткан Жордан Хендерсон менен чабуулчу Садио Мане киргизди.
Бул эки команданын жооптук оюну 4-майда Испанияда өтөт.
Эске сала кетсек, "Вильярреал" чейрек финалдык баскычта "Баварияны" сенсациялык түрдө утуп алса, "Ливерпуль" "Бенфиканы" утуп алган.