Ошто ооруканалардагы бейтаптардын, медицина кызматкерлеринин телефондорун уурдап жүргөн жаран кармалды

Ошто мурда соттолгон жаран бир нече уурулук фактыларына шектелип кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, кармалган жаран ооруканаларга барып, бейтаптардын жана кызматкерлердин телефондорун уурдап жүргөн.
Маалым болгондой, 1984-жылы туулган М.Ш. кылмыш жасаган жерине көпкө чейин барбай, убакыт өткөрүп, уурулуктарды жасап жүргөн.
"Шектүүнүн үстүнөн жыл башынан бери 15 арыз түшкөн. Арыздануучулардын баары Ош облустар аралык жана Ош облустук балдар ооруканасынын бейтаптары, медициналык персоналдын өкүлдөрү. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү аталган ооруканалардын палаталарына эртең менен саат 06:00 чамасында кирип, бейтаптар уктап жатканда столдордо кароосуз калган же кубаттагычта турган телефондорду уурдап жүргөн. Ошондой эле коридордон медицина кызматкерлеринин телефондорун дагы уурдап кеткенге үлгүргөн.
Шектүү мурда уурулук жасаганы үчүн 4 жолу соттолгон. Учурда ал Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда кармалууда. Уурулук фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти башкармалыктан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан