Бүгүн таңга маал Ош, Жалал-Абад облустарында жер титиреди
Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жер титирөө катталып, күчү 4 баллга жетти . Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 28-апрелде таңкы саат 04:28де катталды.
Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында 4 балл, Красный Маяк, Жыланды айылдарында 3,5 балл, Шералы, Кароол, Бакмал, Ничке-Сай айылдарында 3 балл, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенка, Бек-Абад, Сузак, Жар-Кыштак айылдарында 3 балл, Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.