
Нарын облусунун Кочкор районунда жайлоого кетип бара жатып кардан улам Калмак ашуусунда калып калган чабандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 27-апрелде Кочкор районунан Соң-Көл жайлоосуна бара жаткан 4 чабан мал-жандыктары, 800 баш кой менен кардын калыңдыгына байланыштуу Калмак ашуусунан аша албай калган.
Катаал аба ырайынан улам жайлоого жете албай калган чабандарга 5 куткаруучу тартылып, аларды мал-жандыктары менен Төлөк айылына аман-эсен жеткирип беришкен.