Азия чемпиондугунда жаракат алган Айсулуу Тыныбекованын абалы кандай? Машыктыруучусу жооп берди

Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында бутунан жаракат алган Айсулуу Тыныбекованын калыбына келүүсүнө дагы бир, эки апта убакыт керектелет. Бул тууралуу кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков маалымат жыйында айтты.

"Айсулуу Тыныбекованы медициналык кароодон өткөрдүк. Бир, эки аптанын ичинде калыбына келет. Бирок башка булчуңдары үчүн машыгып жатат. Спортчулар бир жеринен жаракат алса, башка булчуңдарын машыктыра беришет. Спортчулар үчүн бул мыйзам ченемдүү нерсе", - деди Изабеков.

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында япониялык Нонока Озаки менен кез келип, бутунан жаракат алып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан