Мээрим Жуманазарова: "Азия чемпиондугунда алтынды эрте тагынып алдым"

Бүгүн, 28-апрелде Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катышкан балбандар, машыктыруучулар жана Күрөш федерациясынын өкүлдөрү маалымат жыйын берүүдө.

Анда күмүш байгеге ээ болгон Мээрим Жуманазарова турнирде өзүн эрте эле алтын уткандай сезип алганын айтты.

"Азия биринчилигине жакшы даярдык менен баргам. Оюмда алтын алам дегем. Тилекке каршы, алтын медалды эрте тагынып алдым окшойт. Ага чейин дагы монголиялык балбан менен күрөшүп жатып бутуман жаракат алгам. Ордуман жакшы жыла албай, жакшы күрөшө алган жокмун. Оюмда ооруган бутум менен эле финалда жеңем дегем, буюрбаптыр...", - деди Жуманазарова.

21-апрелде өткөн финалдык беттеште Мээрим Жуманазарова Мадина Бакбергеновага 3:2 эсебинде жеңилип калган. Кыргыз балбан кызы финалда жеңилип калган дал ушул казакстандык балбанды алгачкы беттешинде 5:0 эсебинде жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан