Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Кырсыктын кесептинен дагы 5 адам жабыркады. Бул туурасында облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, кырсык 22-апрелде саат 10:30 чамасында катталган. Анда 35 жаштагы И.М. аттуу айдоочу Дэу Матиз унаасы менен Жалал-Абадды көздөй бара жатканда каршы тилкедеги ВАЗ-2107 (айдоочусу 32 жаштагы Р.Э.) унаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиз унаасынын 1987-жылы туулган К.Ж. аттуу жүргүнчүсү жеринде каза болуп, 1987-жылы туулган А.Р. ооруканадан көз жумган. Айдоочу менен дагы бир жүргүнчү жаракат алышкан. Ал эми ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү жаракат алышса, дагы бир жүргүнчүсү 1969-жылы туулган Т.Н. каза болду.
Жабыркагандар Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасына жеткирилген.