Улуу жеңиштин 77 жылдыгына, Сүймөнкул Чокморов, Үсөн Кудайбергенов жана Умсунай Эркинбаеванын жаркын элесине арналган көк бөрү мелдеши Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылында өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Оюндар 1-майдан 9-майга чейин уланат. Ал эми чүчү-кулак кармоо иш-чарасы 30-май күнү кечки саат 18:00дө өткөрүлөт. Мындан тышкары 1-май күнү Көк бөрү федерациясы Жогорку жана Биринчи Лиганын командаларынын катышуусунда мелдештин ачылыш аземине карата парад уюштурулат.
Учурда федерациянын социалдык тармактагы расмий баракчасында мелдеште оюн көрсөтө турган командалардын толук курамдары жарыяланууда.