"Газпромнефть" май куюучу тармактарында жогорку балл режимин жандырыңыз

Апрель жана май айларында "Сапарыбыз бир" лоялдуулук картасын колдонуу менен кепилдик берилген сапаттагы күйүүчү май куюп, адаттагыдан тышкары кошумча упайларга ээ болуңуз!

АКЦИЯГА КАНТИП КАТЫШУУЧУ БОЛУУ КЕРЕК?

"Супер упайлар режимин жандыр" акциясына катышуу үчүн бир айдын ичинде "Сапарыбыз бир" лоялдуулук картасы аркылуу жалпысынан 70 же андан көп литр күйүүчү май куюшуңуз керек. Акцияда "Газпромнефть" тармактарынын май куюучу жайларында көрсөтүлгөн күйүүчү майдын бардык түрлөрү бар.

АКЦИЯНЫН МӨӨНӨТҮ

Акциянын биринчи этабы 2022-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин созулат. Апрель айынын жыйынтыгы боюнча жогорку упай боюнча босого баллын топтогон катышуучуларга май айында бир жолу күйүүчү май куюп берилет.

Акциянын экинчи этабы 2022-жылдын 1-майынан 31-майына чейин созулуп, жогорку балл топтогондорго күйүүчү май июнь айында берилет.

АР БИР ЛИТРГЕ КАНЧА УПАЙ БЕРИЛЕТ

Топтолгон упайлардын саны лоялдуулук картасынын статусуна жана бир ай ичинде сатып алынган күйүүчү майдын жалпы көлөмүнө жараша болот.

Мисалы, "Алтын" статусундагы картаңыз болсо жана сиз 1-апрелден 30-апрелге чейин 100 литр күйүүчү майдын каалаган түрүн куйдурдуңуз дейли. Келерки айда биринчи май куюу менен сизге "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасынын эрежелерине ылайык, кошулган базалык баллдан тышкары 75 кошумча упай кошулат. Натыйжада апрель айында жалпысынан 100 литр сатып алган алтын статустуу лоялдуулук карта ээсине 150 упай берилет. Бир айда 350 жогорку баллга чейин топтоого болот.

ТОПТОЛГОН БАЛЛДЫ КАНТИП ПАЙДАЛАНСА БОЛОТ

Супер упайларыңыздын мөөнөтү өтүп кетпеши үчүн балл алган күндөн тартып 61 календардык күндүн ичинде сарптаңыз. Баллдарды "Газпромнефть" май куюучу жайларында май куюу же дүкөндөрдөн товарларды сатып алуу үчүн колдонсо болот, тамеки жана алкоголдук продукцияларды кошпогондо 1 балл = 1 сом.

КАРТАГА ТОПТОЛГОН УПАЙЛАРДЫН ЖЕ КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН САНЫН КАНТИП ТЕКШЕРҮҮ КЕРЕК

"Супер упайлар режимин жандыр" акциясында топтолгон литрлердин жана жогорку упайлардын санын "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасынын маалымат дүмүрчөгүнүн ылдый жагынан көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан