Таласта жүк ташуучу унаанын айдоочусун сабаган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Буга чейин, 26-апрелде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери жүк ташуучу унаанын айдоочусун сабап жатканы тартылган видео тараган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Талас облусунун Манас районунда эмгектенген капитан М.М. ээлеген кызматынан бошотулган.
Ал эми жетекчилигине сөгүш жарыяланган.