Азиз Батукаевдин бир тууган эжесинин ишин Жогорку Сот 11-майда карамай болду

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир тууган эжеси Яха Батукаева жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылды. Бул туурасында соттун басма сөз кызматы менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Яха Батукаеванын ишин кароо жактоочунун өтүнүчүнүн негизинде 11-майга жылдырылды.

Эске салсак, Яха Батукаева ири өлчөмдөгү баңгизат сатуу боюнча айыпталып, 17 жылга эркинен ажыратылган. Анын 2016-жылдын январь айында шериги менен биргеликте Челябинсктин Түштүк-Урал шаарында ижарага алган батиринде 28 килограмм героинди сатуу үчүн сактап жүргөндүгү аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан