"Юбилейди кийинки жылы өткөрөйүн деп чечтим". Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева 50 жашка толду


Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева бүгүн, 28-апрелде 50 жашка толду. Замира айымды куттуктап байланышканыбызда бүгүнкү күнгө эч нерсе пландабаганын айтат.

"Эч нерсе деле пландаган жокмун. Юбилейди кийинки жылы өткөрөйүн деп чечтим. 50 жашка чыккандагы сезимдер сонун, аябай жагып жатат", - дейт ал.

Замира Молдошева 1972-жылы төрөлгөн. 1989-жылы Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин Дүйшөмбү шаарындагы (Тажикстан) Борбордук тигүү окуу жайына өткөн. Бирок ал жакта жарандык согуш башталып барбай калып, 94-училищеге тапшырган. Дипломдук ишин улуттук көйнөк тигүү боюнча жактаган.


Эмгек жолун кийим тигүүдөн баштап, стилистикага кечирээк келген. Тагыраагы, тикмечи болуп иштеп жүрүп, андан тажаганда чач тарачтын окуусун окуган. Кийин кайра кийимге көңүлү тартылып Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин сүрөтчү-модельер бүлүмүнө тапшырган.

2005-жылы жаңыдан стиль менен иштөөгө белсенип, кыргыз эстрадасынын ошол кездеги жаш муундары Урмат Усенов, Темир Назаров, Сема, Съездбек Искеналиев алгачкы кардарлары болгон. Алардан кийин Неля, Эрмек Нурбаев, продюсер Канат Култаевдин балдары, андан тышкары шоу-бизнестин көпчүлүк өклдөрүнүн стили менен иштешкен.


2000-жылы жолдошу Моӊолдор Насыркулов менен таанышып, турмушка чыккан. Түгөйлөр 2016-жылы кыздуу болушкан.


Замира айым "Люкс" имидж борборунун, ZFashion билим берүү борборунун, ProFashion шоусунун жетекчиси.

28-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан