Чүй облусунун Панфилов районунда тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 1961-жылы туулган С.А. аттуу жаран 23-апрель күнү бейтааныш адам күч колдонуп, анын телефонун жана акча каражаттарын тартып алгандыгын билдирген.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине "тоноо" менен катталган. Кылмышка шектелип 1979-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Териштирүү иштери улантылууда.