Милициянын кайгуул кызматы "Бишкек жашыл чарба" ишканасына 23 миң сом айып салды. Себеби?

"Бишкек жашыл чарба" ишканасына сууну жолго агызганы үчүн 23 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 25-апрелде Шабдан Баатыр көчөсүнүн ортоңку бөлүгүнө өстүрүлгөн атайын газондук чөптөрдү сугаруу учурунда “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери газондуу чөптөн агып чыккан суунун чоң көчөгө агып кетүүсүнө жол берген. Агып чыккан суу чоң көчөнү каптап, жолдогу унаалардын жүрүүсүнө да тоскоолдук жараткан. Бул боюнча айдоочулар чара көрүү боюнча кайгуул кызматкерлерине кайрылуу жөнөтүшкөн.

"Бул боюнча “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасына кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан Укук бузуулар кодексинин 178-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, тийиштүү протокол түзүлүп, 23 миң сом айып салынды. Ошондой эле ишканага мындай нерселерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан