Ош шаарында издөөдө жүргөн 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү Т.Э. 2021-жылдын 30-ноябрь күнү Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан автоунаа жуучу жайда 1987-жылы туулган А.С. аттуу жаранды каттуу токмоктоп, жабырлануучуга жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жабырлануучунун денесине оор залал келтирилген. Анын үстүнөн кылмыш кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Сот тарабынан кароо чарасын кароо учурунда үй камагына чыгарылып, ошол боюнча тергөөгө келбей изин жашырып кетип, издөө жарыяланган.
Издөө иштеринин натыйжасында 27-апрель күнү Ак-Буура милиция бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.