"Концертте жууп берем". Куудул Жакут Сыдыков маданияттын мыкты кызматкери болду


Куудул, ырчы Жакут Сыдыков маданияттын мыкты кызматкери болду. Төш белгини маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырганы куудул тарабынан маалым болду.

Сыйлык алып, кубанып турган куудул алдыда боло турган концертинде төш белгисин жууп берерин айтат.

"Мына, быйыл "боп кетем" деп жатып, оозума сала бергендей эле болуптур. Ийгиликтердин эшиги ачылганы ушул да туурабы? Бүгүн мен "Маданияттын мыкты кызматкери" болдум. Кыргыз элиме алкыш айтам. Мамлекетке да чоң рахмат. Өз элиме акыркы демиме чейин кызмат кылам, буюрса. Достор, 5-майда спорт ордосунан бул сыйлыгымды ыр-күлкү менен жууп берем буюрса", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан