Маңдайы жарыла сүйүнүп... Мугалимдер көбөйтүлгөн айлыктарын айтышты

Кыргыз жергесинде 1-апрелден тарта билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин айлыгы 80 пайызга чейин жогорулатылды. Айдын аягы келип, мугалимдер көбөйтүлгөн маяналарын билип кубанып турган чагы.

Нарын облусунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу Шоро айылындагы орто мектепте 34 жылдан бери математикадан сабак берип келе жаткан Гүлмира Мурзакматова маянасы көбөйтүлгөнүнө кубанганын жашырган жок.

"Мурун 34 жылдык стажы, 20 саатым менен (ред.; классы жок) 21-22 миң сомдун тегерегинде айлык алчумун. Азыр деле ошол эле жүктөм менен 2 эсе көп, тактап айтканда 48 миң сом маяна чыгыптыр. Анын ичинен 8 миң сомдой соцфондго кармалса, 40 миң сомдун тегерегинде колума алам деп турам. Маянабызды Нарын шаарынан банктан алып келебиз.

Бардык мугалимдер сүйүнүп, президентибизге аябай ыраазы болуп отурабыз", - деп билдирди ал.

Мындан тышкары аталган айыл бийик тоолуу айылдардын катарына кирбей турганын кошумчалап өттү.

Азамат Жанузаков Нарын облусундагы Куланак айылындагы мектепте иштеп жатканына 2 жылдын жүзү болду. Бакалаврды аяктап, учурда айылдагы мектепте окуучуларга кыргыз тили жана адабияты сабагын окутууда.

"Буга чейин 16 саат сабак берип, 9 миң айлык алчумун. Азыр ал 16 миң сомду колума алдым. Маяналарыбыз көтөрүлгөнгө кубанып жатабыз", - деди жаш мугалим.

Гүлбарчын Жетигенова Токтогул районундагы Ничке-Сай айылында мектепте 23 жылдан бери кенже класстагы окуучуларды окутуп келет. Маянасы 80 пайыз көтөрүлгөнүн айткан мугалим, кубанычы менен бөлүштү.

"Мурун 21-22 миң сомдун тегерегинде маяна алсам, азыркы айлыгыма 80 пайыз кошулуптур. Сүйүнүп эле отурабыз. Маянабыз буюрсун", - деди Жетигенова.

Бишкек шаарындагы мектептердин биринде кыргыз тили жана адабияты мугалими 7 жылдык стажысы менен маянасына 7 миң сом кошулганын билдирди.

"Буга чейин 16 саат менен 17 миң сом айлык алсам, көбөйтүлгөн сумма менен 24 миң сом айлык алдым", - деди ал.

Талас облусунунун Бакай-Ата районундагы мектептердин биринде физика мугалими Керез Сарыбаева администрациясында иштеген кызматкерлердин маянасы 50 пайызга көбөйгөнүн белгиледи.

"17 саат менен 11 миң сомдун тегерегинде айлык алсам, азыркы учурда 80 пайызга, тагыраагы 20 миң сомго көбөйдү", - деп билдирди ал.

Гүлзахира Дөлөтаалы кызы Бишкек шаарындагы мектептердин биринде кыргыз тили жана адабияты сабагынан билим берип келүүдө. Жаш мугалим маянасына 80 пайыз кошулганын айтты.

Эске салсак, 1-апрелден тартып мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы орто билим берүү уюмдарында, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик берүү мекемелеринде иштеген педагогдордун айлык акысы 80 пайызга, ал эми административдик-башкаруу кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлɵɵ кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга жогорулатылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан