Бишкектеги айып короосунун биринде унаалар күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт кечээ, 28-апрелде катталган.
Маалым болгондой, Чокан Валиханов көчөсүндөгү республикалык МАИ кызматынын айып короосунун унаа токтотуучу жайында 4 жеңил унаа күйгөн.
1. Ауди-80 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн;
2. Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн;
3. Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйгөн;
4. Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын сол бампер жагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.