Сокулук районунда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-январда Б.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, И.Р. аттуу адам 2021-жылдын декабрь айынын орто ченинде ишенимине кирип, 912 000 сомдук азык-түлүктөрдү алып, качып жүргөнүн, ага чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн 1990-жылы туулган И.Р. кармалып, Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда милиция кызматкерлери бул жарандын Сокулук районунда жана Бишкек шаарынын аймагында дагы ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына катыштыгы бар экенин тактоого алууда. Буга байланыштуу Сокулук районунун ички иштер бөлүмү бул адамдан жабыр тарткандар болсо ички иштер органдарына төмөнкү телефон даректерине кайрылууга чакырат:
Нөөмөт бөлүмү 0312 60 75 67;
03134 5 33 80;
102.