«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору кармалды

«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык санитардык полигондун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишинин тергөөсү жүрүп жатат.

Тергөө чараларынын жыйынтыгында, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышты жасоого шектелип, «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле борбордун мурдагы мэри И.А.С жана долбоорду ишке ашыруу маселелерин тейлеген мэрдин мурдагы кеңешчиси Г.А.М. жайгашкан жери аныкталбагандыгына байланыштуу аларга карата сырттан айыбы угузулду.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга багытталган активдүү тергөө аракеттерин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан