Бүгүн, 29-апрель Бишкек шаарынын туулган күнү. Бүгүн борбор калаабыздын түптөлгөнүнө 144 жыл толду. Бул датанын урматына "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт болуп жатат.
Концертте космонавт Сергей Корсаков космостон видео аркылуу Бишкектин туулган күнү менен куттуктады. Анда ал кыргыз элине ийгиликтерди каалап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө тилектештигин билдирди.
Калаа күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт өтүп, өнөр адамдары ыр, бийлерин тартуулашты.