Кечээ, 29-апрелде футзал боюнча өлкө чемпиондугунун биринчи жарым финалдык беттеши болуп өттү.
Анда "Steelex" командасы менен "Фарватер-Аман" командасы кез келип, оюн 4:2 эсебинде "Steelex" командасынын жеңиши менен аяктады.
Муну менен "Steelex" футзал боюнча өлкө чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Эми бул команда финалда "Дордой" - "Мурас" жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.
Белгилей кетсек, жарым финалда кайсы команда эки жолу жеңишке жетсе финалга чыгат. "Steelex" алгачкы оюнунда "Фарватер-Аман" клубун 3:5 эсебинде жеңген.