Англиялык миллиардер Жим Рэтклифф лондондук "Челси" футболдук клубун 4 миллиард фунт стерлингге (болжол менен 5 миллиард доллар) сатып алуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Рэтклиффтин "Челсиге" сунушу клубга он жылдын ичинде 1 миллиард 750 миллион фунт стерлинг инвестициялоо милдеттенмесин камтыйт.
"Биздин максат жөн гана Лондондо абдан жакшы клуб түзүүгө аракет кылуу. Бизде пайда көрүү максаты жок, анткени биз башка жолдор менен акча табабыз", - деген Рэтклифф.
Миллиардер ошондой эле Франциянын "Ницца" футбол клубуна да ээлик кылат.
Март айында Улуу Британия киргизген санкциялардан улам Роман Абрамович "Челси" клубун сата тургандыгын жарыялаган.