Москва районунда жөө өтмөктөн BMW унаасы учура сүзгөн кыз каза болуп калды. Маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, оор жаракат алган кыз Москва райондук ооруканасына оор абалда жеткирилип, бүгүн, 30-апрель күнү эртең менен каза болгон.
Кырсык кечээ, 29-апрелде саат 21:00 чамасында Москва районунун Петровка айылында болгон. Анда BMW-5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп бара жаткан 23 жаштагы Д.Г. аттуу кызды учура сүзүп, андан ары качып кеткендиги кабарланган.
Кийинчерээк айдоочу Бишкектен кармалган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайда.