Чүйдө №8 абакка баңгизатын алып кирүүгө аракет кылган деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-апрель күнү саат 23:50 чамасында №8 абактын кызматкерлери Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин кызматкерлери менен биргеликте мекемеге тыюу салынган буюмдарды ыргытуу аракетине бөгөт коюлган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жалпы салмагы 632 граммды түзгөн скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар затты мекеменин аймагына өткөрүүгө аракет кылган эки жаран кармалды.
Бул факты каттоого алынып, кармалган жарандар жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө жүргүзүү үчүн Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилди.