Көк бөрү: Биринчи Лиганын командалары арасындагы чүчү кулактын жыйынтыгы жарыяланды

9-май Улуу жеңиш күнүнө карата Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан көк бөрү мелдешинде Биринчи Лиганын командалары арасындагы чүчү кулактын жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык 20 команда алгачкы баскычта төмөнкүдөй 7 тайпага бөлүнүп оюн алып барат:

"А" тайпасы

"Төш-Булак", "Жаштык", "Намыс"

"В" тайпасы

"Алай", "Ош шаары", "Чаткал"

"G" тайпасы

"Кыраан", "Өзгөн", "Токтогул"

"D" тайпасы

"Ак шумкар", "Ийгилик", "Ачы"

"Е" тайпасы

"Саякбай-Ата", "Жаш-Күч", "Ысык-Ата"

"F" тайпасы

"Көк бөрү мектеби", "Бакай-Ата Дөөлөт", "Четинди"

"G" тайпасы

"Көк-Жал", "Халмион"

Оюндар бүгүн, 1-май күнү башталып, 9-майга чейин уланат. Ал эми Жогорку Лиганын командалары арасындагы чүчү кулак кармоо иш-чарасы азырынча боло элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан