"Мөөнөтүнөн мурда". "Реал Мадрид" клубу 35-ирет Испания чемпиону аталды

"Реал Мадрид" клубу Испания биринчилигинде мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту жеңип алды. Башкы насаатчы Карло Анчелотинин шакирттери кечээ, 30-апрель күнү Ла Лиганын 34-турунда "Эспаньол" клубун кабыл алып, 4:0 эсебинде жеңишти камсыздады.

Беттештин алгачкы бөлүгүндө Родриго дубль жасаса, экинчи бөлүктө Марко Асенсио менен Карим Бензема бирден гол жаратышты. Муну менен падышалык клуб артта калган 34 турдун жыйынтыгында 81 упай чогултуп, мөөнөтүнөн мурда чемпион аталды. Азырынча турнирдик жадыбалда экинчи орунда келе жаткан "Севильяда" 64 упай бар. Ал эми 3-орундагы "Барселона" 63 упай топтогон. Аталган эки команда тең математикалык жактан алганда бул сезондун аягына чейин мадриддиктерди кууп жете албайт.

"Реал Мадрид" муну менен өз тарыхында 35-ирет Испаниянын чемпиону аталды. 120 жылдык тарыхы бар клуб Ла Лигадан тышкары Испания Кубогун 19 жолу, Испания Супер Кубогун 12 жолу жеңип алган.

Ал эми команданын башкы насаатчысы Карло Анчелотти машыктыруучулук карьерасында Европанын эң алдыңкы 5 чемпиондугун тең (АПЛ, Бундес Лига, А Сериясы, Ла Лига жана Лига 1) жеңип чыккан насаатчы катары рекорд койду. 62 жаштагы италиялык адис 2003-2004-жылдагы сезондо "Милан" клубу менен бирге Италия чемпиондугун утуп алган. Ал эми 2009-2010-жылдагы сезондо "Челси" менен АПЛди, 2012-2013-жылкы сезондо "ПСЖ" менен бирге Франция биринчилигин, 2016-2017-жылдары "Бавария" менен Бундес Лиганы жеңген. Ал эми быйыл "Реал Мадрид" менен Ла Лигада чемпиондукту камсыздады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан