Өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 1-майдан 9-майга чейин белгиленген эс алуу күндөрүндө шаар тургундарынын көңүлдүү убакыт өткөрүшү үчүн бир катар оюн-зоок иш-чараларынын тизмесин жарыялады. Ага ылайык, борбор калаадагы Ынтымак-2 сейил багында ар күнү кечки саат 18:00дө төмөндө аты аталган мекемелер концерттик программа менен коштолгон майрамдык кечелерди өткөрөт. Алардын күн тартиби төмөнкүчө:
1-2-май күндөрү Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки;
3-май күнү Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;
4-май күнү Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы;
5-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы;
6-7-май күндөрү “Манас” Кыргыз улуттук театры;
8-май күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;
9-май күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры;
Мындан тышкары аймактардагы театр оюн-зоок мекемелери жана маданият үйлөрү 1-3-5-7-9-май күндөрү ачык эс алуу жайларында, сейил бактарда концерттик программаларды, көркөм окууларды, аймактан чыккан көрүнүктүү чыгармачыл ишмерлер менен жолугушууларды өткөрөрү маалымдалды.